Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери Бишкек шаарынын тургундарына “Манастын уулу Семетей” спектаклин тартуулашты

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери “Манастын уулу Семетей” спектаклин шаар тургундарына тартуулашты.
Эске салсак, “Манастын уулу Семетей” спектакли Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Жалил Садыковдун драмасынын негизинде даярдалган. Койгон режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Орунгүл Кожомкулова. Спектаклдин негизги өзөгү-эл, жер үчүн ички, сырткы душмандар менен күрөшүү. Ошондой эле кыргыз элинин үрп-адаты, улуттук салты, этнографиялык өзгөчөлүктөрү кеңири көрсөтүлүп, спектаклдин идеялык мазмунун толуктап, турмуштук карама-каршылыктар, адам мүнөздөрү, бала тарбиялоо, мекен кусалыгы, достук жана душмандык, эне жана бала, үмүт менен тилек сыяктуу идеялары басымдуулук кылат. Элибиздин патриоттук бийик рухун көтөрүүдө, өз алдынча мамлекет болуунун маани- маңызын түшүндүрүүдө өзгөчө чоң орду бар. Ата-Журтту сүйүү жана коргоонун мааниси абдан терең жана жеткиликтүү берилген.
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театырынын чыгармачыл жамаатынын Бишкек шаарына болгон гастролу 12-майга чейин уланат.

Связанный пост