Бүгүн, 22-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды. УКМКдан маалымдашкандай, буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгон. Анын көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу Камчыбек Ташиевге жөнөтүлгөн. […]Читать далее
“Телеграм” мобилдик мессенджери аркылуу “Ирак жана Левант ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү тарабынан ишке алынган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигине каршы аракеттенүү багыты боюнча контртеррористтик иш-чараларды жүзөгө ашыруу процессинде А.Ч.К. аттуу кыргызстандык Телеграм мобилдик мессенджери аркылуу “Ирак жана Левант ислам мамлекети” эл аралык […]Читать далее
Майлуу-Суу шаарында милициянын мурдагы кызматкеринен курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ноокен районунун Майлуу-Суу шаарында жана Бүргөндү-Достук айыл өкмөттөрүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган. Атап айтканда, кылмыш ишинин алкагында ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, тагыраагы милициянын запастагы полковниги П.Т.А.нын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, анда курал-жарактар жана […]Читать далее
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган жер тилкеси 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкемди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Алгач төрага элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Соңку жылдары боордош эки мамлекеттин алакасы ырааттуу уланып, бардык багыттардагы байланыштарыбыз жигердүү өнүгүп келет. Тажрыйбалуу жана кесипкөй дипломат катары калыптанган […]Читать далее
Кыргызстанда 73 жаштагы бейтапка жүрөктүн аорталдык клапанын имплантациялоо боюнча уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Операция октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жасалган. Анда 73 жаштагы абалы өтө оор бейтапка аорталдык клапанды транскатетер аркылуу имплантациялоо (ТАВИ) боюнча жогорку технологиялуу уникалдуу операция ийгиликтүү аткарылды. Бейтапка “Критикалык аорталык стеноз жана […]Читать далее
Алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, аталган жактоочу кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот кызматкерлери менен байланышы бар экенин жана соттун оң өкүм чыгаруусуна таасир этүү мүмкүнчүлүгүн айтып, соттолуучунун атасын адаштырган. Бул “жардам” үчүн […]Читать далее
Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы консулу менен кызматташтыкты талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабынан тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айынын аягында Берлин шаарында өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик кеңештин жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Адылбек Касымалиев […]Читать далее
Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган. Буга чейин 1999-жылы Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз түрдө А.В.Ш. аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени такталган. Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак комплексиндеги турак жайлардын биринчи кабатында окуу класстары ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, филиал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек мэриясынын координациясы менен шаардагы мектептердин ашыкча толуп кетишин азайтуу максатында ачылды. Турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстарынын уюштурулушу жаңы мектептер курулгучакты жакынкы билим уяларындагы жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. […]Читать далее