Токаев Кыргызстандын БУУдагы жеңиши менен куттуктады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстан башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн дагы тарыхый мааниге ээ болгон бул урунттуу окуя Кыргызстандын эл аралык жогорку кадыр-баркынын таанылышы, ошондой эле өлкө башчысынын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан жаратман жана конструктивдүү тышкы саясаттын жыйынтыгы болуп калды. Казакстан Кыргызстандын талапкерлигин ырааттуу түрдө колдоп келген жана бул жооптуу миссияны аткарууда мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргызстанга БУУнун Коопсуздук кеңешинде ийгиликтүү жана үзүрлүү иш алып барууну каалайм”, – деп белгиленет куттуктоодо.