Төрага: Эми Кыргызстан дүйнөлүк маселелерди чечүүгө катыша алат
Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары өз орду пайда болгону өтө чоң жеңиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Ал жалпы кыргызстандыктарды тарыхый жеңиши менен куттуктап, бул жеңиштин аркасында чоң эмгек турарын белгиледи.
Анын айтымында, эми Кыргызстандын масштабдуу дүйнөлүк маселелерди кароого катышуусуна, ошол эле маалда өз маселелерин да чечишине аянтча түзүлөт.
“Бул биздин үчүн өтө маанилүү. Акыркы беш жылда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында мамлекетибиз өнүгүүгө бет алды, экономикалык өсүштөрдү эл аралык финансылык институттар, башка мамлекеттердин лидерлери айтып жатат. Мамлекет башчысынын тышкы саясатты тең салмактуу жана жигердүү жүргүзгөнүнөн улам мына ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз. Бул жумуштун аркасында чоң эмгек турат. Албетте, мамлекетибиз дагы да абройго ээ болот, масштабдуу дүйнөлүк маселелерди кароого катышып, өз маселелерибизди чечкенге да аянтча түзүлөт. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалына, инвестиция тартууга жакшы өбөлгө түзүлөт”, – деп айтты төрага.
Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.