Тогуз-Торо районунун Казарман айылында “Жаш музыкант-2023” сынагы өтүүдө

Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинде, музыкалык мектептер арасында өткөрүлгөн “Жаш музыкант-2023” облустук кароо сынак старт алды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сынакка Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинин, Нарын шаардык Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар музыкалык мектебинин, Ат-Башы райондук Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар исскуство мектебинин, Ак-Талаа райондук Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин, Кочкор райондук Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар музыкалык мектебинин, Жумгал райондук Чынара Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин, Жумгал районундагы Жаңы-Арык балдар искусство мектебинин, Жумгал районундагы Миңкуш-Балдар искусство мектебинин, ошондой эле Жумгал районунун Байзак айылындагы Солто Рысманбетов атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары катышууда.
Аталган кароо сынак Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинин уюштуруусунда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Сынакка министрликтин тандоосу менен тандалып алынган, Бишкек шаарындагы музыкалык мектептердин жана окуу жайлардын окутуучуларынан түзүлгөн атайын комиссия калыстык кылууда.
Сынактын жүрүшү жана жыйынты боюнча маалыматтар маал-маалы менен жарыяланып турмакчы.

Связанный пост