Баткен районунун Самаркандек айылында оорукананын курулушу быйыл аяктайт

 Баткен районунун Самаркандек айылында оорукананын курулушу быйыл аяктайт
Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу 2023-жылда бүткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан каражаттар бөлүнгөн.
Азыркы учурда ооруканын жер иштери 100% бүткөрүлүп, фундамент иштери 100%, экинчи кабатынын дубалы 100%, чатыры 100%, 2 кабаттын пол иштери 80% бүткөрүлгөн. Сырткы жасалгалоо иштери 50%. Терезелер 100% орнотулган. 2 резервуар 100% орнотулду, от казан орнотмолору 100% бүткөрүлгөн, пландоо 40%.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-17-сентябырында Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кандуу кагылышуунун негизинде аталган ооруканын курулушу жабыркаган объектилердин арасына кирет.

Связанный пост