ОПЕК жол тармагына $15 млн бөлүп берет

 ОПЕК жол тармагына $15 млн бөлүп берет

Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин 48-ар жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А.Касымалиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясынын Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ОПЕК) башкы директору доктор Абдулхамид Альхалифа мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев катышты, анда тараптар “Талас-Тараз-Суусамыр автожолун реконструкциялоо” долбоору боюнча 15 млн АКШ долларына бааланган келишимге кол коюшту.

Маалымдама: Бул долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, тактап айтканда, эл аралык жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана сооданы, экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылган Суусамыр-Талас-Тараз маанилүү жолдорунун бирин жакшыртуу, аймактын өсүшү, жашоо сапатын жогорулатуу жана автомобиль транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу. Бул жол Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен, Казакстандын түштүк аймактары менен байланыштырат.

Связанный пост