ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 14-декабрда башталат
2026–2027-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 14-декабрда башталат. Кабыл алуу төрт этап менен өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал ЖРТнын жыйынтыгы боюнча келишимдик негизде, окуу акысы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөт. Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу “Абитуриент онлайн” порталы аркылуу ишке ашат.
Турлар төмөнкү күндөрү өткөрүлөт:
- 14–19-декабрь — биринчи тур;
- 21–26-декабрь — экинчи тур;
- 11–16-январь — үчүнчү тур;
- 18–23-январь — төртүнчү тур.
Бош орундар калган учурда 2027-жылдын 25–27-январында рейтингдик тизмедеги кийинки абитуриенттер окууга сунушталат.
ЖОЖдорго тапшыруу үчүн негизги тесттен төмөнкүдөй босого балл алуу керек:
- жалпы багыттар боюнча — 110 балл;
- айыл чарба багыттары боюнча — 100 балл;
- жеңилдик берилген айрым категориядагы жарандар үчүн — 90 балл.
Кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандар үчүн 2026-жылдын 20-декабрынан 2027-жылдын 20-мартына чейин уланат.