Дары-дармекке туура эмес өтүнмө берген жетекчилер кызматтан алынды
Дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууга өтүнмөлөрдү туура эмес түзүп, кечиктирген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тартиптик чаралар көрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын үчөө кызматынан бошотулат.
“2027-жылга карата дары-дармекке жана медициналык буюмдарга өтүнмөлөрдү түзүүдө бир катар медициналык уюмдар ката кетирип, документтерди белгиленген мөөнөттө тапшырган эмес. Натыйжада сатып алууларды пландаштыруу жана дары-дармектерди жеткирүү мөөнөттөрүн жылдырууга туура келген”, – деп айтылат маалыматта.
Министр Дамир Осмонов мындай каталар бейтаптарды зарыл дары-дармектер менен камсыз кылууга жана мамлекеттик каражаттардын туура пайдаланылышына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
Коллегиянын чечими менен 38 жетекчиге жана кызмат адамына эскертүү, 29уна сөгүш, үчөөнө катуу сөгүш берилет. Дагы үч жетекчи кызматынан бошотулат.
Министр медициналык уюмдардын жетекчилерине кийинки сатып алуу мезгилине карата дары-дармекке болгон муктаждыкты алдын ала тактап, өтүнмөлөрдү белгиленген мөөнөттө тапшырууну тапшырды.