Темир жолдун курулушуна керектүү материалдарды чек арадан өткөрүү жеңилдейт
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы” ЖЧКнын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда тараптар темир жолдун курулушуна багытталган курулуш материалдарын жана жабдууларды бажыдан өткөрүүдө башкарууну жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Суроолорду ыкчам чечүү үчүн аймактык бажы органдарында атайын жооптуу кызматкерлер бекитилди.
Бажы кызматы курулушка керектүү товарларды “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары аркылуу борборлоштурулган тартипте гана ташуу зарылдыгын эскертти.
“Бажы чек арасынан өтүүдө кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо жана мыйзамсыз иштерге жол бербөө максатында, курулуш иштерине расмий лицензиясы бар гана транспорттук компанияларды тартуу талабы коюлду. Бул тобокелдиктерди минималдаштырууга шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар стратегиялык инфраструктуралык долбоорду үзгүлтүксүз жана өз убагында ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.