Кесиптик лицейлерге жаңы талап коюлду
Агартуу министрлигинде кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылуу маселеси талкууланган маанилүү жолугушуу өттү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кесиптик лицейлеринин директорлору, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө баштапкы кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү, бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногуна даярдоо, дуалдык окутуу тутумун кеңейтүү жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү маселелери каралды.
Ошондой эле окуучулардын практикалык даярдыгын жакшыртуу, ишканалар менен өнөктөштүктү бекемдөө жана аймактардагы квалификациялуу жумушчу кадрларга болгон муктаждыкты эске алуу боюнча бир катар сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында кесиптик лицей жетекчилерине бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу иштерин жандандыруу жана өлкө экономикасына эң керектүү адистерди сапаттуу даярдоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.