Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады 

 Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады 

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Ислам дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү үчүн ыйык болгон бул майрамдын бийик адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаратман салттары мындан ары да элдерибиздин ортосундагы эзелки байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык эки өлкөнүн ортосундагы жакшы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да улантабыз деп ишенем”, – деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо катында.

Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакыт-таалай, бакубатчылык, молчулук жана токчулук, тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост