Азербайжан Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады 

 Азербайжан Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады 

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош кыргыз элин ыйык Рамазан-айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ушул куттуу айда бардык дубаларыңызды жана ниеттериңизди Алла Таала кабыл алышын каалайм.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелердин бүгүнкү деңгээли канааттануу туйгусун жаратат.
Боордош элдердин эрки менен калыптанган эки тараптуу мамилелер биргелешкен аракеттердин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго бул маанилүү майрамда бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиндеги ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Связанный пост