Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо катында:

“Нечен кылымдардан бери келген бийик руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, ак көңүл жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”, – деп айтылат.

Түркмөнстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост