Таластын жаңы мэри муниципалдык кызмат көрсөтүү ишканасынын жумушу менен таанышты

Мэр Эрмат Джумаев Талас шаарына кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында болду. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын алкагында, материалдык-техникалык базасы жана кызмат көрсөтүү шарттары менен таанышты.

Өз кезегинде муниципалдык кызмат көрсөтүү ишканасынын жумушчулары маяналарынын аздыгын айтып, жогорулатып берүү суранычы менен кайрылышты. Мэр Эрмат Джумаев бул маселени шаардык кеңешке сунуштап, карап берүү жагын убадалады. Ал башкысы, шаар тазалыгын камсыз кылуу үчүн тынымсыз жумуштар жүргүзүлүп туруусун милдеттендирди.

Калаа башчы бул күнү Талас шаарынын таштанды полигонун да көрүп чыкты. Таштандыларды өрттөгөндү токтотууну, анын экологияга зыяндуу таасирин белгилеп, рекультивациялоо жумуштарын жүргүзүү тапшырмасын берди.

Связанный пост