2027-жылдан тарта жыл сайын 150 айыл таза суу менен камсыздалат

 2027-жылдан тарта жыл сайын 150 айыл таза суу менен камсыздалат

2027-жылдан тарта өлкөдө жыл сайын 150 айылды таза суу менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Мураке айылында таза суу долбоору 12 жылдан бери аягына чыкпай жатканын айтып, көйгөйдү чечүүгө жардам сурады. Анын маалыматына караганда, долбоорго 34 млн сом каралып, 10 чакырым суу түтүгүн тартуу пландалган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин айыл тургундары таза сууга толук жете элек.

Буга байланыштуу президент жыл сайын канча айылды таза суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатканын сурады. Тиешелүү жетекчи буга чейин жылына 30-40 айыл камтылып келгенин, эми 2027-жылдан тарта бул көрсөткүчтү 150 айылга жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү 1 миң 830дон ашык айылды бала бакча, таза суу менен камсыздап, андан кийин спорт, маданият жана саламаттык сактоо объектилерине басым жасаларын белгиледи.

Связанный пост