Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

 Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.

Жыйынга КР БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мэрдин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, мэриянын аппарат жетекчиси Садырбеков А.С., Ленин райондук администрациясынын башчысы  Жыргалбек Шакиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери,  прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле  №26 Ленин шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.

Жыйында  шаардык штабды түзүү жана кайрадан шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Штабдын иш планында кайра шайлоону даярдоо боюнча бардык зарыл чаралар, биринчи кезекте шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан жабдуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, үгүт материалдары үчүн маалыматтык аянтчалар жана башка  уюштуруу чаралары  эске алынды.

Талапкерлерликке коюу этабы 10-августка чейин созулат. Азырынча 8 талапкер көрсөтүлдү.

Связанный пост