Өзбекстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айтмайрамы менен куттуктады

 Өзбекстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айтмайрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Улуу урматтуу Сизди жана бүткүл кыргыз элин мусулмандар үчүн куттуу жана кубаныч алып келген Рамазан майрамы менен куттуктап, чын ыкластан жакшы каалоо-тилектерди айтууга абдан кубанычтамын.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара достук жана коңшулук мамилелер тереңдеп баратканы бизди чексиз кубандырат.

Жогорку жана бийик деңгээлдеги диалогдун, жетишилгенмаанилүү макулдашуулардын натыйжасында Өзбекстанменен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелери эки боордош элдин гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес, жалпы элдерибиздин туруктуу өнүгүүсүнө да кызмат кылып, ар тараптуу өнүгүүдө”, – деп айтылат куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, узун өмүр, жоопкерчиликтүү ишинде жаңы жеңиштерди, ошондой эле боордош кыргыз элине мындан ары да прогресс, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост