Түркиянын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Урматтуу Президент, кымбаттуу бир тууганым,
Улуу урматтуу, Сизди Орозо айт майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ынтымактын, тилектештиктин жана бир туугандыктын баалуулугун дагы бир жолу эсибизге салган ыйык майрамыбыз, Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилейм”, – деп айтылат Түркиянын Президенти жолдогон телеграммада.
Түркиянын элинин жана жеке өзүнүн атынан Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.