Түркияда эң чоң адам айкели жана боёлгон алгачкы жаныбарлардын эстелиги табылды

Жаңы табылгалар дүйнөдөгү эң байыркы неолиттик жерлердин бири болгон Гөбеклитепе жана Карахантепеде жарыкка чыкты. Тагыраагы, тарыхый дүйнөлүк масштабдагы маанилүү ачылыштарга жол ачкан Таш тепелер (Таш дөбөлөр) долбоорунун алкагында тогуз археологиялык жерде жүргүзүлгөн акыркы казууларда адам жана жаныбарлардын айкелдери табылды.

 

Адамдын эстелиги: тарыхка чейинки искусствонун таасирдүү мисалы

Карахантепедеги акыркы казуулардын жыйынтыгында ошол доордун эң чоң белгилүү адам айкели да табылды. 2,45 метр бийиктиктеги эстелик тарыхка чейинки искусствонун эң таасирдүү үлгүлөрүнүн бири катары реалисттик мимика менен скамейкада жерге бекем орнотулган. Аталган айкел отурган абалда эркектин кабыргалары, омурткасы жана жилик сөөктөрү баса белгиленген маркумга окшош; экинчи жагынан, фигуранын сап абалы тирүү адамды элестетет. Мындан тышкары, отургучтун алдында карышкырдын скульптурасы бар, анын үстүндө таш плиталар да табылган.

 

Гөбеклитепедеги каман: биринчи боёлгон чыныгы көлөмдөгү айкел

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн казууларда Гөбеклитепенин Д структурасында акиташ ташынан жасалган чыныгы чоңдуктагы жапайы каман айкели табылды. Бетинде кызыл, ак жана кара пигмент калдыктарын көрсөткөн скульптура, өз доорунан бүгүнкү күнгө чейин табылган биринчи боёктук табылга десек болот. Гөбеклитепеде табылган жапайы каман скульптурасы жасалгалар менен кооздолгон отургучтун үстүндө, Н формасындагы символ, жарым ай, эки жылан жана үч адамдын жүзү, тагыраагы беткап менен табылган.

 

Гөбеклитепе: Тарых барагын өзгөрткөн жер

Шанлыурфа шаарынын борборунан болжол менен 18 километр түндүк-чыгышта, Өренжик айылына жакын жерде жайгашкан Гөбеклитепе адамзат тарыхынын эң маанилүү мурастарынын бири болуп саналат. Түркиянын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине 18-каттоосу катары бул археологиялык объект неолит доору сыяктуу мергенчилер-жыйноочу коомдор жөнүндөгү түшүнүктү олуттуу түрдө өзгөрттү. Гөбеклитепеде алгачкы казуу иштери 1995-жылы башталып, кыска мөөнөттүн ичинде көп сандаган табылгалар табылды. Алардын арасында жаныбарлардын мотивдери жана геометриялык фигуралар менен кооздолгон Т түрүндөгү мамылар, ар кандай адам жана жаныбарлардын айкелдери, таш жана сөөк куралдары, ошол доордун тамактануу экономикасын чагылдырган өсүмдүк жана жаныбарлар сөөктөрү бар. Гөбеклитепедеги табылгалар адамзат тарыхындагы эң маанилүү өзгөрүүлөрдү жана жемиштүү жашоо образын терең түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

 

Таш Тепелер: Улуу Трансформациянын өлкөсү

Байыркы цивилизациялардын өлкөсү болгон Түркияда маданий мурастардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында тарыхый аймактарда көп сандаган археологиялык казуулар жана реставрация иштери жүргүзүлүүдө. Учурда аталган өлкө эң көп археологиялык долбоорлор боюнча дүйнөдө алдынкы орунда турат. Маселен, Түркиядагы археологиялык казуу жана изилдөөлөрдүн саны 2023-жылдын аягына чейин 750гө чейин жетери күтүлүүдө.

Өлкөдөгү археологиялык казуулар – бул өткөн окуяларды ачык көрсөтүп, адамзат мурасы менен байланыштырган убакытка саякат жасоого мүмкүндүк берет. Акыркы археологиялык долбоорлордун бири Таш Тепелер. Стамбул университетинин тарыхка чейинки археология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Нежми Карулдун жетекчилигинде ишке ашырылган аймактагы долбоордун масштабы алгачкы отурукташкан адамзат коомдорунун технологиялык, экологиялык жана социалдык аспектилерин ачык көрсөтүп бере алды. Шанлыурфа платосунда жүргүзүлгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр Гөбеклитепеге жакын жердеги заманбап конуштардын табылышына себеп болду. Жалпысынан Таш Тепелер (Таш дөбөлөр) деп аталган бул конуштарга Гөбеклитепеден тышкары Карахантепе, Сайбурч, Сефертепе, Харбетсуван Тепеси, Гүржүтепе, Чакмактепе, Медик, Курттепеси, Ташлытепе, Аяндар, Йогунбурч жана Йени Махалле кирет. Дүйнөдөгү отурукташкан жашоонун жана социалдык татаалдыктын эң алгачкы үлгүлөрүн камтыган долбоордун алкагында тогуз археологиялык объектте изилдөөлөр уланууда. Карахантепедеги казууларда Гөбеклитепедегидей монументалдык курулуштар табылды. Аталган жерлер тарыхый археологиялык изилдөөлөргө чоң салымын кошуп келүүдө.

Связанный пост