Касымалиев Ысык-Көл облусунда МИК курган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычын тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан “Хан-Теңири” турак жай комплексинин экинчи этабында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычын тапшырды.

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, өлкөдө турак жай курулушу кеңири кулач жайганын, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу миңдеген үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болуп жатканын айтып, Мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан жаңы үйлүү болгондорду куттуктады.

“Президент курулушту өлкөнүн район борборлоруна чейин кеңейтип, ал түгүл айылдардагы эски үйлөрдү жаңылоо боюнча пландарын айтып жатат. Биздин милдет – азыркы доорду курулуштун көлөмү, сапаты, архитектуралык көркү жана адамдарга түзүлгөн жашоо шарттары менен айырмалоо. Үйлөрдүн жылуулугуна, коопсуздугуна, суу жана электр энергиясына өзгөчө көңүл бурулат. Курулуштун сапаты, мөөнөтү жана айланасынын көрктөндүрүлүшү жеке көзөмөлүмдө болот”, – деди ал.

Белгилүү болгондой, Каракол шаарындагы “Хан-Теңири” турак жай комплексинин экинчи этабында курулган 530 батирдин ачкычы үй ээлерине тапшырылды. “Хан-Теңири” комплексинде 69 блоктон турган 3430 батирлүү үй курулат. Комплексте бала бакча, мектеп, спорт, балдар аянтчалары, эс алуу жайлары үчүн жер каралган.

Связанный пост