Москва районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 Москва районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй областынын Москва райондук прокуратурасы тарабынан Москва районуна караштуу Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын сайтында маалымдалды.

Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана “А-Б-А-С” ААКын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдагы “2001-2003-жылдарга менчиктештирүү программасынын долбоорун аткаруу жөнүндө” токтомун бузуу менен 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) “А-Б-А-С” ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.

Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып,  муниципалдык менчикке кайтарылды.

Связанный пост