Караколдо заманбап тазалоочу курулма жана жети облустагы 70 ичүүчү суу менен камсыздоо объекти пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Каракол шаарында өткөн өлкөнүн жети облусунун 70 калктуу конушундагы заманбап тазалоочу курулмалардын жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын салтанаттуу онлайн ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, МинКаб Төрагасы аталган долбоорлорду ишке ашыруу калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууда, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууда жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Суу – жашоо булагы. Адамдын ден соолугу, үй-бүлөнүн бакубаттуулугу жана коомдун санитардык бакубаттуулугу ичүүчү суунун сапатына түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан калкты таза суу менен камсыз кылуу – бул биринчи кезекте жарандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган мамлекеттик камкордук», – деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатканын белгиледи. Экономикалык өсүштүн жана мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинин эсебинен социалдык чөйрөгө, жолдорду, мектептерди, медициналык мекемелерди, суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу объекттерин курууга инвестициялар кеңейүүдө.

МинКаб Төрагасынын айтымында, 2021-жылдан бери ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу системаларын өнүктүрүүгө 567,5 млн доллар инвестиция тартылган. Акыркы беш жылда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор 264 калктуу конушта ишке ашырылып, анын натыйжасында 663 миңден ашуун жаран сапаттуу ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк алды.

Мындан тышкары, өлкөнүн 13 шаарында таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилип, алты шаарда суу чыгаруу системалары модернизацияланды.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында Каракол шаарындагы заманбап тазалоочу курулмалардан тышкары, республиканын жети облусундагы 70 ичүүчү суу менен камсыздоо объекти пайдаланууга берилүүдө. Атап айтканда, 18 объект – Ош облусунда, 11 – Баткен, 13 – Жалал-Абад жана 11 – Нарын облустарында, сегиз – Талас жана беш – Чүй облустарында. Ысык-Көл облусунда Кичи-Өрүктү, Тилекмат жана Кароол-Дөбө айылдарында таза сууга жеткиликтүүлүк камсыздалды.

Жалпысынан аталган долбоорлорду ишке ашыруу 200 миңге жакын жаранды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Ысык-Көл облусунун экологиялык коопсуздугу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал заманбап тазалоочу курулмаларды куруу Ысык-Көл көлүнүн экологиялык бакубаттуулугун сактоо үчүн, ошондой эле аймактын туристтик тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу чөйрөсүн өнүктүрүүгө 5 млрд сомго жакын каражат багытталган. Учурда 11 шаарда жана төрт ири калктуу конушта саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын курулушу улантылууда.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев инфраструктуралык долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруу аймактарды өнүктүрүү жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү экенин белгиледи. Жаңы суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу объекттери жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга, коомдук ден соолукту чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым болот.

Связанный пост