МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында жаңы курулган 500 орундуу мектептин ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын  “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы курулган № 27 орто мектебин ачты.

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү мугалимдер жана окуучулар жамаатын 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышында жаңы билим уялуу болушу менен куттуктады.

“Кадырлуу агайлар-эжейлер, сүйүктүү окуучулар! Бүгүн сиздерде өтө чоң майрам. 3 миң бала окуп жаткан мектепке 500 орундуу кошумча заңгыраган мектеп салып бердик. Жаңы мектептүү болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм”, – деди МинКаб Төрагасы.

Акылбек Жапаров ошондой эле мугалимдерге көрүлүп жаткан камкордуктар мындан дагы жакшыраарын, жаңы Билим берүү мыйзамына кол коюлганын билдирди.

“Садыр Нургожоевич жаңы Билим берүү мыйзамына кол койду. Кылым алмашса дагы, технологиянын заманы кирсе дагы, 2000-жылдан бери өзгөрбөй  келе жаткан Билим берү мыйзамы өзгөрдү. Эми сентябрь айынан баштап мектептин директорлорунун, окуу-тарбия жана башка завучтардын айлык акылары дагы жогорулайт”, – деди ал.

Белгилей кетсек, бул мектептин курулушу былтыр башталып, 1 жылга жетпеген убакытта бүттү. 3 кабаттуу заманбап шарттары менен курулган 500 орундуу мектепке 95 млн сом жумшалды.

“Ушул жерде биринчи жолу мектеп босогосун аттап 1-класска барган кичинекей досторумдун билим сапарына ак жол каалайм, дегеле турмуш жолу ушул мектептей жаркыраган даңгыр жол болсун”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост