Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туум жана санкцияны эсептен чыгарууга бир ай калды

 Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туум жана санкцияны эсептен чыгарууга бир ай калды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдонууга 1 ай калганын эскертет.

Мындай жеңилдик Кыргыз Республикасынын “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын 2022-жылдын 31-декбарына чейин төлөгөн төлөөчүлөргө 50 пайызга туумдар, санкциялар жана айыптар эсептен чыгарылат. 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар реструктуризациялоого жатат.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Связанный пост