Россияда соттолгон Кыргызстандын жарандарын өз өлкөсүнө которуу маселесин каралууда

 Россияда соттолгон Кыргызстандын жарандарын өз өлкөсүнө которуу маселесин каралууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россиянын абактарындагы Кыргыз жарандарын мамлекетибизге которуу тапшырмасын аткаруунун алкагында, КР Башкы прокурорунун орун басары К.Токтакунов жетектеген жана анын курамына КР Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин өкүлдөрү кирген делегация Москва шаарына иш-сапар менен барды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Делегация Россиянын Юстиция министринин орун басары – статс-катчы А.В.Логинов, РФ Башкы прокурорунун орун басары П.П.Городов, ошондой эле РФ Жогорку сотунун төрагасынын орун басары В.А.Давыдов менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүп келди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Россияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташууну талкуулап, Россия Федерациясында эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана түзөтүү мекемелеринде жазаларын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө жакынкы арада которуу маселесин карашты.

Тараптар ведомстволор аралык өз ара кызматташууну бекемдөө жана эки өлкө катышуучу болуп келген «Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү» 1998-жылдын 6-мартында кол коюлган Конвенциянын алкагында үстүбүздөгү жылы кыргызстандыктарды өз мекенине которуу боюнча иш-чараларды тездетүүнү макулдашып, бул багытта алгылыктуу жыйынтыктар күтүлүүдө.

Связанный пост