Ысык-Көлдүн жээгинде 150гө жакын мыйзамсыз курулуш буздурулду

Президент Садыр Жапаровдун “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан жеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 146 мыйзамсыз курулуш аныкталып, бул тууралуу документтер сот өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

 

Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде көл жээгине жакын (100метрлик аралыкта) жайгашкан мыйзамсыз жеңил тамактануучу жай, кафе, дүкөн жана пирс алынды. Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, бүгүнкү күндө көлдүн жээгин алгачкы калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда.

 

Мыйзамсыз курулуштар боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып, соттук процесстер улантылып жатат.

Мамкурулуш тарабынан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюлуп, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Связанный пост