Президент июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады

 Президент июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

 

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

 

«Урматтуу мекендештер!

 

Быйыл каргашалуу июнь окуясына туура 13 жылдын жүзү болду. Арадан бир топ жыл өтсө дагы, бул кандуу калабаны, анын кесепетинен каза тапкан жүздөгөн мекендештерибизди унутпайбыз жана терең кайгыруу менен эскеребиз.

 

Өлкөбүздүн соңку тарыхында 2010-жылдагы Июнь окуясы мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталган, жүздөгөн адамдар набыт болгон окуя катары калды. Кыргызстандын калкынан айланса болот. Ошол оор кырдаалда элибиз элдигин көрсөтүп, курчуп бараткан абалды туура баамдап, кара санатай күчтөрдүн жетеги менен кетпей, кылымдардан бери жуурулушуп жашап келген ынтымагын сактап калды.

 

Биз кылымдар бою ынтымакта, тууганчылыкта жана боордоштукта жашаган көп улуттуу элбиз, июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар аралык ынтымакты сактоо зарылдыгын эскертип турат. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу өлкө жарандарынын ортосундагы өз ара алакаларды жана улуттар аралык биримдикти бекемдөөнүн, калктын саясий маданиятын көтөрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн 2010-жылдын июнь трагедиясы баарыбыз үчүн чоң сабак болушу керек.

 

Бийлик бул трагедиядан сабак алып, туура жыйынтык чыгарып, элдин ынтымагын чыңдоо маселеси ар дайым көңүл борборунда болушу керектигин аңдап-билиши абзел.

 

Бул коогалаңдуу окуялардан кийин бийлик дагы, бийлик ээси болгон эл дагы, ата-бабалардын осуяттарына жана акылмандыгына таянып, эң ириде жалпы журт биримдигине өзгөчө маани бериш керектигин түшүндү. Өлкөдө туруктуулук болбосо, өнүгүү болбостугуна, калк турмушу оңолбостугуна ынанды. Баарына ыйык болгон Ата Мекендин коопсуздугун камсыз кылуу жеке эле мамлекеттин иши эмес, ар бир жаран милдеткер экени ачыкталды.

 

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө улуттук биримдикти бекемдөө маселеси мамлекеттик бийлик үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Биз бирдиктүү эл, бирдиктүү өлкө катары биримдигибизди жана этностор аралык достугубузду бекемдеп, өнүгүү, деп алга кадам жасашыбыз керек.

 

Урматтуу кыргызстандыктар, бир муштумдай түйүлүп, биримдигибиз менен гана бакубат Кыргызстанды кура алабыз, өлкөбүздүн өнүккөн мамлекеттердин катарына кошула турган күн алыс эмес. Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык бул милдетти аткарууга колдон келишинче салым кошуп, аны өзүнүн ыйык парзы деп эсептөөсү маанилүү.

 

Ылайым, Ата Мекенибизде тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү болсун, эл-журтубузда ынтымак өкүм сүрсүн!”

Связанный пост