Президент иш сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти

 Президент иш сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

– энергетика министри Таалайбек Ибраев;

– финансы министри Алмаз Бакетаев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

– Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Связанный пост