Депутаттар Кыргызстан убактысын 1 саат артка жылдырууну сунуштоодо

 Депутаттар Кыргызстан убактысын 1 саат артка жылдырууну сунуштоодо

Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева «Баткен Таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов менен баткендик дарыгер Нуралы Койлубаев АКИпресс маалыматтык агенттигине Кыргызстан убактысын 1 саат артка жылдыруу боюнча коомчулукка сунуш кылганын айтып, жооптуу мамлекеттик органдарга бул сунушту карап чыгууну табыштады.

 

«Бул сунушту көптөгөн жарандар социалдык тармактарда колдоп жатышат. Алардын айтымында, убакытты артка жылдыруу менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таң эрте менен мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөрдөн арылса болот. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө менен өлкөнүн экономикасына бир аз болсо да салым кошулат», – деди.

 

Эл өкүлү бул чечим биринчи кезекте элдин жалпы ден соолугу үчүн маанилүү экенин белгиледи. «Бала бакчага барган балдарга, окуучуларга абдан кыйын болуп жатат. Алыскы айылдарда таңкы саат 5-6ларда туруп мектепке барган балдарды жолдо иттер талап, чие бөрүлөр кол салган учурларды да угуп жүрөбүз. Эрте турган балдардын саламаттыгына да терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргызстандагы убакытты 1 саат артка жылдырууну Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан карап чыгууга протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылам», – деди Миргүл Темирбаева.

 

Бул пикирди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да колдоп, Н.Койлубаевдин тиешелүү каты Жогорку Кеңештин Төрагасына да келгенин маалымдады. Ал кошумчалагандай, бул чечимдин кабыл алынышы кыш мезгилинде жашоо шартын жеңилдетет.

Связанный пост