Парламент Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету угулду.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында баяндама жасаган банк төрагасы Алмаз Бакетаев өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду.
Талкуу маалында эл өкүлдөрү тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.
Жыйынтыгында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банк төрагасынын отчету жактырылды.