Тигүү тармагын колдоого 4 млрд сомго жакын насыя берилди
Тигүү тармагын колдоого 4 млрд сомго жакын насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, каражат алууга 6 миң арыз келип түшкөн.
“ABank (Айыл Банк) жана “Керемет Банк” банктары аркылуу тигүү тармагын колдоого каражаттар берилүүдө. Каражат алууга 6 миң арыз келип түшкөн. Мамлекет тарабынан субсидиялоо үчүн 300 млн сом каралган. Учурда тигүү тармагынын өкүлдөрүнө 4 млрд сомдой каражат берилди”, – деп белгиледи ал.