Панфилов районунда бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алууга шектүү жаран кармалды

 Панфилов районунда бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алууга шектүү жаран кармалды

Панфилов районунда бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Панфилов РИИБке арыз менен Р.А. аттуу жаран кайрылып, арызында өзүнө тийиштүү Первомайская айылында жайгашкан фермада жалданып иштеген адам, сарайдагы темир буюмдарды жана бир нече койлорун өзүнө ыйгарып алып коротуп коюп, изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 14-сентябрында бул кылмышка шектүү болгон 1994-жылы туулган Ф.И. аттуу жарандын жүргөн жери такталып, ал кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост