Коом

ММК фонду «жабык» тесттик режимде мобилдик тиркемесин ишке киргизди

ММК фонду «жабык» тесттик режимде «ММК фонду: Мамлекеттик кепилдиктер» мобилдик тиркемесин ишке киргизди. «ММК фонду: Мамлекеттик кепилдиктер» мобилдик тиркемеси республиканын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар жөнүндө маалыматтарга тез жана оңой жетүү үчүн ММК фонду тарабынан иштелип чыккан. Мобилдик тиркеменин негизги максаты – саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абад облусунда 633 млн сомдон ашык суммага бааланган “гашиш” баңгизаты

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында афган тектүү баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу менен алектенген баңги топторунун ишине бөгөт коюлду. Жалал-Абад областынын аймагында баңгизаттарды таратуу жөнүндө маалымат боюнча узак убакыт иштеп чыгуунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенишери аныкталган. Аталган факт боюнча КРнын […]Читать далее

Коом

Баткен шаарындагы тиш дарылоо мекемелери текшерилди

Баткен санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында Баткен шаарындагы 9 тиш дарылоо жайына текшерүү жүргүздү. Аталган медициналык мекемелердин санитардык абалы жана тиешелүү документтери текшерилди. Жарандардын ден соолугуна зыян алып келүү коркунучу бар тиш дарылоо кабинеттеринин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык милдеттендирмелер берилип, иштери токтотулду. Көрсөтүлгөн кемчилдиктерди, документтерди толугу менен толуктаганга […]Читать далее

Коом

Финансы-кредиттик фонду “Куланак” ГЭСсинин курулушуна $88 млн суммасында кепилдик берди

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду “Куланак” ГЭСсинин курулушуна 88 миллион АКШ доллары суммасында кепилдик берди. Өлкөнүн улуттук экономикасынын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тышкы жана ички инвестицияларды тартуу үчүн кепилдик берүүнүн финансылык инструменти киргизилген. “Куланак ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо” долбоору 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча […]Читать далее

Аймак

Ош облусунун аймагында каттоодо турган куралдар текшерүүгө алынды

Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында 2023-жылдын 2-августунан 5-августуна чейин каттоодо турган куралы бар жарандарды текшерүү жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган 561 ок атуучу куралы бар жаран, 14 ок атуучу куралы бар объект, 2 өндүрүш багытында жардыргыч заттарды сактаган […]Читать далее

Коом

Ак-Өргө конушунда сквер курулууда

Ак-Өргө конушунда сквер курулууда. Иш Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жаңы аянтчада баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, амфитеатр,отургучтар, тротуарлар, даараткана, аймакты жашылдандыруу каралган. Сквердин жалпы аянты- 2,4 га. Бүгүнкү күндө суу жана канализациянын түтүктөрүн жаткызуу, скважинаны бургулоо, 164 метр тереңдикте суу соргуч орнотулду, даараткананын пайдубалын кую иштери аяктады. Учурда даараткананын дубалын […]Читать далее

Коом

Энергетика министри: Быйылкы жылдын эсебинен Электр тармактар ишканаларына үчүнчү ирээт

Бүгүн, 2023-жылдын 8-августунда Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында кезектеги техника тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалдарына 11 жаңы атайын техника тапшырды. Бул атайын техникалар 2023-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган 5 дана манипулятор краны жана 6 дана ыкчам […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу жана Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.   Алгач МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын № 1 жана № 3 […]Читать далее

Аймак

Түптө селдин кесепетин жоюуга 103 куткаруучу тартылды

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган. Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар […]Читать далее

Кырсык

Президент Садыр Жапаров Шови жер көчкүсүнөн курман болгондорго байланыштуу Грузиянын

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Шови курортундагы жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Грузиянын Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, аза […]Читать далее