Экономика

Жетинчи жыл катары менен “Кепилдик фондунун” кепилдиктеринин кайтарымдылуугу 100%га жакын

2023-жылы “Кепилдик фонд” ААКсы өлкөнүн ишкерлерине колдоо көрсөтүп, ишмердүүлүгүнүн бардык мезгили аралыгында 4 376 кепилдик берген. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын жалпы суммасы 2,8 миллиард сомдон ашыкты түзгөн. Жети жыл ичинде Кепилдик фонд өз каражаттарынын кайтарымдылуугунун жогорку көрсөткүчүн сактап келе жатат, ал 2023-жылдын аягында 97,6% түздү. Фонддун ишинин бүткүл мезгилиндеги кайтарымдылуугунун көрсөткүчү […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Саидбек Зулпуев ант берди. Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди.Читать далее

Экономика

Улуттук банк 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкнотторду

Кыргызстанда 15-февралдан тарта 2023-жылдагы үлгү боюнча улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкнотторду жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын өкүлү Мелс Аттокуров билдирди. Анын айтымында, жаңы сериядагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Ош ОИИБсинин бөлүмү башчысы пара талап кылууга шектелип кармалды

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров бүгүн Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Кымбаттуу мекендештер жана Ооган согушунун ардагерлери! Жолдош жоокерлер, сержанттар, офицерлер жана генералдар! 1989-жылдын дал ушул күнү дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу аяктап, Советтик Армиянын чектелген аскердик контингенти Ооганстандан чыгарылган. Андан бери туура 35 жыл өтсө дагы, биз бул күндү […]Читать далее

Медицина

2024-жылдын биринчи 6 жумасында 22 миң санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык

2024-жылдын 6 жумасында 22 285 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү. Калтырылган жумуш күндөрүнүн жалпы саны 397 592. Ооруга байланыштуу – 17 474, кош бойлуулук жана төрөткө байланыштуу – 2 200, жаракаттар жана кырсыктарга байланыштуу 1 399 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы түзүлгөн. Эскерте кетсек, санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы – бул саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы эле, ал азыр […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктады. Дубай шаарына болгон сапарынын алгачкы күнү Мамлекет башчысы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ошол […]Читать далее

Президент

Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее

Билим

Кыргызстанда 1-сентябрга чейин мугалимдердин бардыгы ноутбук менен камсыздалат

Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. “Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин […]Читать далее

Билим

Колледждер 2023-жылы иш берүүчүлөр менен 280 келишим түздү

Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 17 пилоттук колледжде жумуш ордунда окутуу сыяктуу инновациялык ыкманы жайылтууда. Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө, ишканалардын базасында билимди бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштөрүүгө багытталган. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында: * 8 колледж […]Читать далее