Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз кредит түрүндө 6 млрд сом берди

 Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз кредит түрүндө 6 млрд сом берди

Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз кредит түрүндө 6,03 млрд сом (71,79 млн доллар) берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Кризиске каршы чаралар планынын алкагында Финансы министрлиги тарабынан “Микро, чакан жана орто ишканалар” долбоору ишке ашырылып жатат.

 

Долбоордун жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын түзүп, 2027-жылдын июлуна чейин Кыргызстандын бардык аймагында ишке ашырылат.

 

2021-жылдан 2024-жылдын 1-февралына чейин Финансы министрлиги 9055 ишкерди жалпы суммасы 71,79 млн долларына каржылады. Бүгүнкү күндө каражаттын калдыгы 37,156 млн долларды түзөт.

 

“Каражаттарды өздөштүрүүнүн жогорку темпин эске алуу менен долбоорду 2025-жылы жыйынтыктоо пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.

 

Микро жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Финансы министрлиги каржылоонун көлөмүн 100 миң сомдон 3 миллион сомго чейин көбөйттү.

Связанный пост