Коом

Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаары боюнча метеорологиялык божомолду эске алуу менен абанын сырткы температурасына ылайык штаб тарабынан борбор калаада жылытуу сезонун 2023-жылдын 31-октябрында баштоо чечими кабыл алынган. Тиешелүү №300-р буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.   Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Жылытуу берилет:   – биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана […]Читать далее

Укук тартиби

Экс-премьер-министр С.Исаковго К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды. Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды. Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов […]Читать далее

Президент

Президенттин жетекчилиги астында жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуулар

Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, “Эдельвейс” аскер полигонунда өткөн көрсөтмөлүү тактикалык-саптык машыгууларга катышты.   Машыгуунун алдында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусунда турган жаңы аскердик техниканын, учкучсуз учуучу аппараттардын, инженердик, радиоэлектрондук күрөштүн каражаттарынын жана атылуучу куралдардын үлгүлөрү, анын ичинде атамекендик өндүрүштөн чыккан бронемашиналар жана […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын Төрагасы менен Мажилисинин Төрагасына көңүл

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановго Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.   Анда мындай деп айтылат:   “Казакстандын Караганды облусундагы шахтада болгон жарылуудан улам көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Казакстандын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, […]Читать далее

Президент

Президент кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү! Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекетибиздин Баш мыйзамында жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашыра тургандыгы аныкталган. Мына ошондуктан […]Читать далее

Коом

Күз-кыш мезгилине болгон жалпы даярдык жакшы. Энергетика министрлиги тогуз айдын

Бүгүн, Чүй электр тармактар ишканасынын имаратында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2023-жылдын тогуз айындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын болуп өттү. Жыйынга КРнын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Беназир Нурланова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана […]Читать далее

Коом

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулап, Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 18 кризистик борбор бар

Өлкө боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Кризистик борборлор аялдарга медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул борборлорду мамлекеттик социалдык заказ аркылуу каржылоо аркылуу колдоого алат. […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: 9 айда 13 миңге жакын кыргызстандык иш менен

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үстүбүздөгү жылдын тогуз айында иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан дээрлик 13 миң адам ишке орношконун маалымдайт. Жыл башынан бери иш берүүчүлөр тарабынан 18,8 миң бош жумуш орун берилген, алардын 70% га жакыны жабылган. 6 миң жумуш орду талап кылынбай калган. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул 134 жумушсуз жаранга берилген. Жумушсуздук боюнча […]Читать далее