Салык төлөөчүлөр электрондук камсыздандыруу полисин онлайн режиминде ала алышат

 Салык төлөөчүлөр электрондук камсыздандыруу полисин онлайн режиминде ала алышат

Салык төлөөчүлөрдө электрондук камсыздандыруу полисин өзүнүн “Жеке кабинети” аркылуу онлайн режиминде сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

 

Жеке ишкерлер жана жеке жактар бул кызматты салык органдарына барбастан, Salyk.kg же cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде колдоно алышат.

 

Электрондук камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн салык төлөөчү Salyk.kg же cabinet.salyk.kg. сайтындагы “жеке кабинетке” кириши керек. Андан соң “модулдар”/”электрондук сервистер” бөлүмүнө өтүп, “Полис” кызматы жайгашкан “Электрондук патент” бөлүмүн тандоо керек.

 

Электрондук камсыздандыруу полисин банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу төлөөдө epatent.salyk.kg.системасы тарабынан түзүлгөн атайын төлөм кодун киргизүү зарыл.

 

Электрондук камсыздандыруу полисин банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу төлөөдө epatent.salyk.kg. системасы тарабынан түзүлгөн атайын төлөм кодун киргизүү зарыл.экендигин белгилей кетүү маанилүү.

Связанный пост