Президент Садыр Жапаровдун 11-октябрда Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышты. Иш-чарага Армения, Иран, Пакистан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголиянын президенттери, Түркиянын Улуу Улуттук […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Баку шаарында (Азербайжан) Климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын конференциясынын (Pre-COP29) алдын ала иш-чаралары жана жолугушууларына катышууда. Иш-чаралар “Амбицияларды көтөрүү жана аракеттерди камсыз кылуу” урааны астында өтүүдө. Жолугушуулар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги кант кызылчасына байланышкан көйгөлөрдү чечүү максатында Чүй облусундагы кант кызылчасын кабыл алуу завод ээлери менен жолугушуп, абалды жөнгө салуу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Министрликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылы кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар рекорддук түшүмдү жаратып, ал болжолдуу 900 миң тоннаны түзөөрү күтүлүүдө. […]Читать далее
Саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн Глобалдык альянстын (ГАВИ) грантынын алкагында 117 компьютер алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, электрондук саламаттык сактоо борбору эненин жеке идентификациялык номерин (ЖИН) колдонуу менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды өз убагында каттоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны иштеп чыкты. Бул ар бир баланын саламаттык сактоо кызматтарына, анын ичинде эмдөө кызматтарына […]Читать далее
Салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ведомстводон билдиришкендей, салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 66 213 декларациясы, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын 1 416 декларациясы талданган. Анализдин жыйынтыгында 6 миң 272 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациясында дал […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарында “Акылман” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалымдалгандай, бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын өздүк курамы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана УКМКнын ардагерлери катышты. Жаңы бала бакча УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 206 миң 534 адам 4 млрд 41,4 млн сом өлчөмүндөгү пенсиялык топтосун алышты. Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинде: – пенсиялык куракка жеткен жарандарга төлөм – 184 072 адам (2243,1 млн сом); – башка жакта туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөм – 4002 адам (196,4 млн сом); – каза болгон камсыздандырылган […]Читать далее
Бишкек шаарында бүгүн 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшүү максатында борбордук коммиссиясы жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга БШКнын төрөайымы Н.Шайлдабекова, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Байгончоков, райондук мамлекеттик админисрация башчыларынын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров шаардыктарды карточка алып, коомдук транспортто накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. “Урматтуу Бишек шаарынын тургундары! Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? “Тулпар” же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. Накталай эмес төлөм аркылуу – “Тулпар” картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм […]Читать далее