Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Пакистандын премьер-министри менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолукту.   “ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Исламабадда өтүүчү кезектеги жыйынына катышууга чакырганыңыз жана биздин делегацияга көрсөткөн жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирем”, – деп сөзүн баштаган Акылбек Жапаров Кыргызстан-Пакистан мамилесиндеги соода-экономикалык кызматташтыкты чоң потенциал экенин, бирок бул дараметтер учурда […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб башчысы КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Пакистан Ислам Республикасындагы жумуш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттин Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда МинКаб башчысы Акылбек Жапаров КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цянды Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктап:  “Кытайда “жакшы кошуна баа жеткис байлык” деген […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Пакистандын президенти менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жолугушуунун алкагында, Акылбек Жапаров Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын өзгөчө белгиледи. “Биз сиздердин өлкө менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз”-деди өз сөзүндө. Ошондой эле […]Читать далее

Коом

Бишкек ЖЭБине 285 миң тоннадан ашык көмүр даярдалды

Бишкек ЖЭБинде учурда 285 миң 428 тонна көмүр жана 2,917 миң тонна мазут бар экенин ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, камсыздоо графиги бүткүл күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилине ылайыкталган. Көмүрдөн тышкары мазут, газ да бар. Бардык тартылган техника нормалдуу иштеп жатат. Оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө. Өткөн суткада ишкана 4,74 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. «Бишкектеплосеть» […]Читать далее

Экономика

Бакыт Төрөбаев кант кызылчасын ташыган вагондордун токтоп калуусу үчүн айып

Кант кызылчасынан рекорддук түшүм алынганына байланыштуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигине бош туруп калган вагондорго айып пулду жеңилдетүү маселесин кароону тапшырды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында кампалар чектелүү болгондуктан, кант кызылчасын ташуу үчүн вагондорду үзгүлтүксүз […]Читать далее

Коом

Мүрзөдөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнүн тартиби иштелип чыгат

Мүрзөдөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнүн тартиби иштелип чыгат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, эстеликтер таштан, темирден эмес, жыгачтан жасалышы керек. “Президенттин жарлыгында архитектура органдарына көрүстөндөргө кандай эстеликтерди коюу боюнча көрсөтмө берилди. Эстеликтер таштан, темирден жасалбай, жыгач конструкциядан болуусу керек. Биз жакында тартибин иштеп чыгып, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Кыргызстан менен Түркмөнстандын парламенттеринин жетекчилери жолукту

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Межлисинин төрайымы Дунягозел Гулманова менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да ой бөлүштү. Алгач төрага Нурланбек Шакиев Дунягозел Гулманованы Түркмөнстандын Эгемендүүлүк майрамы, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев Ашхабаддагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду. Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, түркмөн элинин эгемендигин даңазалаган 118 метр узундуктагы эстелик 2001-жылы ачылган. Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркмөнстанга расмий сапар менен барган. Делегациянын курамында Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана […]Читать далее

Коом

Мэрия: Отун-энергетикалык комплекси жылытуу мезгилинин башталышына даяр

Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр. Муниципапилеттин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда шаардагы турак-жайларды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды. Эске салсак, мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн башталышы керек. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук […]Читать далее

Коом

Зардалыга бара турган жол кеңейтилүүдө

Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анда ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталарын белгиледи. “Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга […]Читать далее