Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу ” КР мыйзамына кол койду. […]Читать далее
Акылбек Жапаров Катар кайрымдуулук уюмунун Бишкектеги филиалынын башкы директорун кабыл
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Cherity – Катар Чэрити) Бишкектеги филиалынын башкы директору Абделкадир Алимам Албашеир Мухамедди кабыл алды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык, социалдык, медицина, курулуш жана таза суу долбоорлору боюнча кызматташууну улантуу жана активдештирүү маселелери талкууланды. МинКаб Төрагасы кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргызстандын социалдык-экономикалык […]Читать далее
Каракол шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан 2 275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйнтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Минкаб төрагасы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен биргеликте артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканын белгиледи. Маселен, Ош облусунун 32 калктуу конушун таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы каржылоонун суммасы 60 млн АКШ долларын […]Читать далее
Ош облусундагы селден жабыркагандар насыяларын реструктуризациялоо үчүн банктарга кайрыла алышат. Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришкендей, селдин кесепетинен жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү максатында Улуттук банк колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын алкагында коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары кредитти төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен кредитти реструктуризациялоого жана колдонуудагы кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу. […]Читать далее
6 айда Кыргызстанга айыл чарба товарларын импорттоодо 52 мыйзам бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, аталган фактылар боюнча чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын инспекторлору тарабынан артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде: Казахстанга – 39, Өзбекстанга – 8 жана Россия Федерациясына – 5 […]Читать далее
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 10,72 млн сом жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу КП Финансы министрлиги маалымдады. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Аларды […]Читать далее
Минкаб төрагасы Персонификациялоо борборунун жана “Учкун” ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасына караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борборуна барды. Минкаб төрагасына борбордогу заманбап жабдуулар менен тааныштырылып, эл аралык стандарттарга жооп берген документтерди даярдоодогу ишмердүүлүктүн сапаты жана коопсуздугу тууралуу айтып беришти. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы “Учкун” ачык акционердик коомуна барды. Анда окуу куралдары даярдалган цехтерди […]Читать далее
Кыргызстанда эки жылда 2,3 миңден ашуун адам “Cанариптик көчмөн” макамын алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, “Санариптик көчмөн” макамын ыйгаруу долбоору 2022-жылдын сентябрь айынан тарта башталган. Көчмөн статусун Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Молдова, АКШ, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Германия, […]Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы боюнча кылмыш иши козголгон “Айчүрөк” борбордук универмагтын ээси Анвар Маметовдун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын ири ишкерлеринин бири – Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович тарабынан “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин […]Читать далее