ЖКККББнын жумушчу тобу КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү (ЮИДД) кароо-сынагын өткөрүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышты. Бул тууралуү ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын 21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы Ысык-Көл берметинин жээги “Дельфин” пансионатында өткөрүлөт. […]Читать далее
Балыкчыда эки жол инспектору пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдириди. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын тутумундагы туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Тактап айтканда, туристтик сезон мезгилинде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБнин ЖКККБнын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кайгуул башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө […]Читать далее
Жалал-Абадда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат коррупциялык багыттагы кылмыштарды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоо фактысы боюнча кылмыш ишинин негизинде Жалал-Абад шаары, Р. Азимов көчөсү дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 6,5 га жер […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 9 миңден ашуун дыйкан жеңилдетилген насыя алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 401497 миң сомго 1242 насыя берилди, анын ичинен: – “Айыл Банк” ААК, 199142,0 миң сомго 629 насыя; – “Элдик Банк”, ААК, 202355,0 миң сомго […]Читать далее
Жер жана суу транспорт департаментинин башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен “Жаңы-Арык” транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору О.Н.Ш. кармалды. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын июль айында салмак-габариттик көзөмөлдүн башкы инспектору О.Н.Ш. айдоочуларга айып төлөөдөн качууга көмөк көрсөтүү жана УКМК тарабынан мындан […]Читать далее
Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-августта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусунан келген Ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапка сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы башталып жаткан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк […]Читать далее
Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында. Анын айтымында, электр кубатын пайдалануу чегинен ашпаган учурларды эске албаганда, кышкысын өлкө боюнча электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр колдонулбайт. “Мындай учурларда абоненттерди башка трансформаторго же башка көмөкчордондорго которууну караган жөнгө салуу чаралары жүргүзүлөт. Биз өчүрүүлөр менен жөнгө […]Читать далее
Кыргызстанда учурда 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча бардык ГЭСтерде, райондук электр тармактар ишканаларында, жылуулук ишканаларында жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштери аткарылууда. “Ошондой эле Бишкек ЖЭБинде ремонт иштери жүрүүдө. Ушу тапта буга чейин ТВЕА компаниясынын адистери […]Читать далее
Быйыл Бишкек ЖЭБин атамекендик жеке компаниялар 180 миң тонна көмүр менен камсыздайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине 1 млн тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө ЖЭБде былтыркы кыштан калган 205 миң тонна кара отун бар. “Президенттин тапшырмасы менен жылдан жылга көмүрдү импорттоону азайтуу […]Читать далее
Жыл башынан бери өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда, Чүй облусунун Новопокровка айылында курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. “Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли былтыр 38% болсо, 2024-жылдын жарым жылдыгында 40%га жетти. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Эне-Сай, 69-Га, Селекция конуштарында […]Читать далее