Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 85 бала кайтарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 121 адам кайтарылды. Анын 35и аялдар болсо, 85и жаш балдар.Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жакынкы айларда жыйынтыкталат
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жакынкы айларда жыйынтыкталат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 90%ы такталды. “Жумушчу топтор жума сайын жолугушууларды өткөрүп жатат. Өкмөттөр аралык комиссия бир жумада Кыргызстанда, бир аптада Тажикстанда жыйынга чогулууда. Азыр бир катар жагдайлар […]Читать далее
Кыргыз паспорту дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчүн жакшыртып, 10 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, учурда атамекендик паспорт дүйнө паспортторунун интерактивдик рейтингинде 67-орунга жайгашты.Читать далее
Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 7 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 6,4 млн сом суммасында 12 долбоор бекитилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анда: Сокулук району 2 объектисине 1,1 млн сом; Москва району 1 объектисине 0,8 млн сом; Чүй району 1 объектисине 0,8 млн сом; Ысык-Ата району 2 объектисине 1,3 млн сом; Панфилов району […]Читать далее
Мамкурулуш лицензиядан ажырай турган компаниялардын тизмесин даярдап жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, берилген 7 миңдей лицензиянын ичинен 2 миңдей гана компания активдүү иштеп жатат. Учурда комиссия мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынан ажырап кала турган 500дөй компанияны аныктады. […]Читать далее
Жарандарга баңгизат таштап, акча талап кылган милиционерлер кармалды. УКМКдан билдиришкендей, Ош облустук милициясынын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери баңгизаттарын жарандарга атайылап таштап, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуусу үчүн акча каражатын опузалап талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштургандыгы аныкталды. Алар кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына […]Читать далее
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 161 млрд 356,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, белгиленген план 5,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,6 млрд сомго көп жыйналган. Анын ичинде 118 млрд 458,7 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 283,8 […]Читать далее
“Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Убагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 гектар жер “Шар-Чебер” жеке кооперативине […]Читать далее
Кыргызстанда 3-июндан 30-августка чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына балдарды электрондук каттоонун II этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Экинчи этапта каттоо катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектепке жүргүзүлөт. Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча mektep.edu.gov.kg маалыматтык система […]Читать далее
Кыргызстанда 1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы окуу жылын утурлай 20 мектеп жана 10 бала бакча пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, дагы 20 социалдык багыттагы объекттин курулушу бүткөрүлөт. “1-сентябрга […]Читать далее