Коом

Сокулукта 243,5 млн сомдук объекттер мамлекетке кайтарылды

Сокулук районундагы социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Шопоков” айыл чарба кооперативинин төрагасы З.У. тарабынан социалдык-инфраструктуралык объектилер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. Маалыматка ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу “Шопоков” АЧКсына бекитилип берилгени аныкталган. Бул чечим мыйзамсыз, анткени ал КР […]Читать далее

Аймак

Ошто кытайлык дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо

Ошто Кытайдан келген дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо. Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, операциялар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук – жаркын саякат” долбоорунун алкагында катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жасалып жатат. Долбоорго ылайык, 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоо пландалууда. Дагы 50дөй бейтап глаукомасын дарылатат. Бул кытайлык дарыгерлердин Ош облусуна […]Читать далее

Коом

Астана – Бишкек түз аба каттамы ачылды

QAZAQ AIR компаниясы Астана менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 10-ноябрдан тарта аба каттамдары жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү ишке ашырылат. Графиги: Астана 14:00 → Бишкек 16:50 / Бишкек 17:50 → Астана 19:00 QAZAQ AIR белгилегендей, авиакомпаниянын Борбор Азияга каттам […]Читать далее

Коом

Энергетика министрлиги: Ар бир жаран электр энергияны үнөмдүү пайдалануусу зарыл

Ар бир жаран электр энергияны үнөмдүү пайдалануусу зарыл. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын калктын саны өсүүдө. Ага жараша жаңы шаарчалар, көп кабаттуу үйлөр, социалдык объекттер курулууда. Ошондой эле заводдор, фабрикалар кеңейүүдө. Жолдор жарыктандырылып, технологиялар күн сайын көбөйүп жатат. Бул өз кезегинде электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсүнүн жогорулоосуна алып келет. Ошол […]Читать далее

Аймак

Оштогу Кең-Сай көмөк чордону айдын аягында ишке берилет

Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан Кең-Сай көмөк чордону жакын арада пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган көмөк чордонду куруу иштери 95 пайызга аяктады. Ош электр тармактары ишканасы тарабынан көмөк чордондогу жараксыз техникалык жабдыктар алып салынып, 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду. Буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин жумушчу сапарынын алкагында […]Читать далее

Экономика

Кеминде дыйкандар гектарынан 80 тоннага чейин кант кызылчасын алууда

Кемин районунда дыйкандар гектарынан 80 тоннага чейин кант кызылчасын алышууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл райондо жалпы 884 гектар аянтка кант кызылчасы айдалган. Учурда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп, талаада  9 комбайн иштөөдө. Аймактагы дыйкандардын бири 4 гектар аянтка кызылча айдап, 4 жолу сугаргандан […]Читать далее

Президент

Президент БА өлкөлөрүнүн жана Индиянын коопсуздук боюнча өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы учурда чыңалган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн эң ириде, бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев соцкызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына, Кыргызстандагы кесиптик бирликтер кыймылынын 120 жылдыгына жана Социалдык фонд кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүүсүн чагылдырган жарандардын бакубаттуулугун, социалдык адилеттүүлүктү, элдин бактылуу келечегин камсыз кылууда үч институттун — […]Читать далее

Коом

“Маринка” пансионатынын 12 га жери мамлекетке кайтырылды

“Маринка” пансионатынын 12 га жери мамлекетке кайтырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында прокуратура органдары менен биргеликте мурда Миң-Куш “Оргтехника” заводуна – азыркы “Оргтехника” ААКка таандык “Маринка” пансионатынын 12 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Участок туристтик зонада – альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолунун боюнда (бир тарабы тоолуу аймак, экинчи тарабында – токою жана Көкөмерен […]Читать далее