Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна расмий сапарынын алкагында Король Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки жактуу аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты. Өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнүн пайдубалын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кардинал Кевин Фарреллге Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Рим папасы Ыйык мартабалуу Францисктин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Ыйык Тактыга, бардык католиктерге аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. 2024-жылдын 4-октябрындагы Рим папасы Ыйык […]Читать далее
Бүгүн, 21-апрелде Манама шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Бахрейн дин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Азем Бахрейн Падышалыгынын сарайында өттү. Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин эки мамлекеттин лидерлери саламдашышты. Андан соң Кыргызстан жана Бахрейндин мамлекеттик гимндери аткарылды. Президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын урматына 21 замбирек залпы атылды. Мындан кийин […]Читать далее
Кыргызстанда курулушчулар үчүн жаңы камсыздандыруу өнүмү иштелип чыгып, изке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жаңылык эки тарап үчүн тең чоң артыкчылык болмокчу. Жаңы механизмдин маңызы эмнеде? МКУ менен өнөктөштүк келишимине кол койгон алгачкы курулуш компаниясы — Vilar болду. Бул кызматташуунун алкагында компаниядан сатып алынган ар бир батир 3 жылдык камсыздандыруу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөгө чыгууну чектөөнү жеңилдетет. Ведомстводон билдиришкендей, эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов I кварталдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясында демилгеледи, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамиледе болууну чагылдырат. Салык кызматынын төрагасынын айтымында, иш […]Читать далее
Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргөн 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 27 адамдан турган чет элдик жарандарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Тартип […]Читать далее
Бишкектеги № 67 мектептин 11 кабинети мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Свердлов райондук прокуратурасы билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын текшерип, жыйынтыгында №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул факт боюнча 2025-жылдын 10-апрелинде райондук прокуратура тарабынан менчик укугун жараксыз деп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамгаа кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда төмөнкүдөй ченемдер каралаган: 1) кепилчилик – эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы улуттук экономика субъекттеринин милдеттенмелерин аткарылышын камсыз кылуу механизми; 2) республикалык бюджеттин кирешелеринде Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Падышалыгына расмий сапары менен келди. Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем […]Читать далее
Тилекмат Кудайберген уулу 19-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Соттун маалыматына караганда, соттун бүгүнкү чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча айыпталган Тилекмат Кудайберген уулуна карата баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. Ошентип, Кудайберген уулу тергөө жүрүп […]Читать далее