Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде окууга келбеген жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Камбар-Ата ГЭС-1 Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия
Вашингтондо өткөн ЭВФ менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Швейцария өлкөлөр тобунун Аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2025-жылдын биринчи кварталында экономиканын өсүү темпин 13% түзүүгө негизделген кыргыз өкмөтүнүн амбициялуу пландары менен тааныштырды. «Бул өсүш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жолугушуулар аянтчасында Европа жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк Банктын Президенти Вин Бассани менен жолугушту. Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасына көрсөткөн […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Анна Бьерде менен Камбар-Ата
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банктын Жазгы жолугушууларынын аянтчасында Бүткүл дүйнөлүк банктын операциялык ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде менен жолугушту. Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк банкка көп жылдык үзүрлүү өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык […]Читать далее
Бюрократиядан санарипке өтүү. Өлкөдө “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда
Кыргызстанда “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. “Электрондук апостиль” маалыматтык системасы апостиль коюу процессин автоматташтыруу үчүн бирдиктүү санариптик платформа болуп саналат. Система бардык процессти камтыйт: апостиль коюуга арыздарды каттоодон баштап, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө, “Апостиль” электрондук мөөрүн тариздөөгө, аны системада каттоодон өткөрүүгө жана төлөм шлюзу […]Читать далее
Кыргызстанда өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрликтен белгилешкендей, өзгөчө экономикалык бирикмелерди ишке ашыруу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ал чарбаларды ирилештирүү боюнча жаңы стратегиялык концепциянын алкагында жүргүзүлөт. Мында – экономикалык ишканалардын, кооперативдердин, бирикмелердин (чемпиондордун, агрегаторлордун) […]Читать далее
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чаралар 2025-жылдын 26-майында саат 9:00 өткөрүлөт. «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Бишкек […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна расмий сапарынын алкагында Манама шаарындагы Бахрейн Улуттук музейинде болду. Мамлекет башчысы өлкөнүн музейдин экспонаттарында көрсөтүлгөн байыркы Дильмун цивилизациясынан баштап заманбап Бахрейнге чейинки ар кыл мезгилдерди камтыган бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты. Негизги археологиялык табылгалар, Бахрейн элинин салттуу жашоосу, ошондой эле мамлекеттин өнүгүү тарыхы тууралуу […]Читать далее
Садыр Жапаров Бахрейн Королдугунун Улуттук жыйынынын Консультативдик кеңешинин төрагасы менен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна болгон расмий сапарынын алкагында Улуттук жыйындын Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль-Салех менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашылды. Президент Садыр Жапаров Бахрейн […]Читать далее
Кыргызстан менен Бахрейндин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол
Бүгүн, 21-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бахрейнге расмий сапарынын алкагында Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду: – Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум – Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин […]Читать далее