Укук тартиби

Кадамжайда комбинаттан 600 миң долларлык сурьма уурдоо аракети көрүлгөн

Кадамжай сурьма комбинатынын аймагынан сурма концентратынын ири партиясын уурдоо аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматка Кадамжай сурьма комбинатынын аймагынан 22,5 тоннадан ашык сурьма концентратын мыйзамсыз ташып чыгуу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, сурьма өндүрүмүнөн кийинки чийки заттын баасы болжол менен 600 миң долларды түзөрү аныкталган. Аталган факты боюнча […]Читать далее

Коом

Соттук-эксперттик кызмат жылдын I жарымында оң натыйжаларга жетишти

Соттук-эксперттик кызмат 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. Кеңешмеде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ды. Ошондой эле жылдын экинчи жарымына карата артыкчылыктар аныкталды. Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов белгилегендей, отчёттук мезгил ичинде кызмат оң натыйжаларга жетишти. “Кайра жана кошумча экспертизалардын саны, ошондой эле аткарылбай кайтарылган материалдардын саны азайган. Бул […]Читать далее

Коом

Эмгек министри жылдын II жарымына карата артыкчылыктарды белгиледи

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйыны өтүп, министрликтин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Жыйында министр Равшанбек Сабиров министрликтин төмөнкү негизги өнүгүү багыттарына токтолду: 2030-жылга чейинки Улуттук программаны бекитүү жөнүндө президенттин жарлыгын ишке ашыруу; министрликтин пландарын адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык максаттарга ылайыкташтыруу; программалык документтер менен гана чектелбестен, тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды […]Читать далее

Укук тартиби

Кызыл-Кыя мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Коррупция фактысы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык кызмат башкармалыгынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык кызмат башкармалыгынын кызмат адамдарына карата тендердик долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдар бузуу фактылары боюнча […]Читать далее

Коом

Дан эгиндерин жыйноого 1618 комбайн тартылды

Быйыл республика боюнча дан эгиндерин жыйноо иштерине 1935 комбайндын ичинен 1618и тартылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы даярдык 84 пайызды түзөт. Өнөктүк дээрлик бардык аймактарда жүрүп жатат. Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында комбайндарга болгон муктаждый жогору болгондуктан министрлик комбайндарды аймактарга бирдей бөлүштүрдү. Учурда Чүй облусуна Ысык-Көл жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев өлкөдө айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттик Администрациянын аппараттык жыйынында Кыргыз Республикасында улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында жаңы чакырык башталганын билдирди. Демилгенин максаты ашыкча бюрократиялык процедураларды жоюу жана айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин толугу менен онлайн-форматка өткөрүү, бул жарандардын убактысын үнөмдөөгө […]Читать далее

Экономика

Орунбеков: Быйыл Кыргызстандын бюджети биринчи жолу триллиондук чектен ашат

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы биринчи жолу 1 триллиондук чектен ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын маалыматына ылайык, алгач 2025-жыл үчүн консолидацияланган бюджет 708,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок жарым жылдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында, бюджеттин пландан ашыкча аткарылары аныкталып, жыл жыйынтыгы боюнча 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго […]Читать далее

Президент

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты курулуш, жол куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, карьер иштетүү же плотина куруу сыяктуу иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү жана суунун каптоосуна себеп болуучу иштерде, инженердик-изилдөө стадиясында […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан өзбек килемдерин эң көп импорттогон өлкө болду

2025-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 1 млн 86 миң чарчы метр килем экспорттоду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады. Аталган мезгилде Өзбекстан жалпы 3,6 млн чарчы метр килем экспорттоп, андан түшкөн киреше 10,8 млн долларды түздү. Өзбек килемдеринин негизги сатып алуучулары болуп Кыргызстан (1 086 миң чарчы метр), Азербайжан (969 миң), Афганистан (725 миң), […]Читать далее

Министрлер кабинети

Президенттин Администрациясы жарандарды мектепте жеткиликтүү билим менен камсыз кылуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттик Администрациянын жыйынында “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги кадамдарды сунуштады. Негизги демилгелердин бири калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу максатында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөштүрүү реформасы болду. […]Читать далее