УКМК тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды жана бөгөт коюлду. КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык байуу максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке жана юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына […]Читать далее
“Уют” жана “Уют плюс” мейманкана комплекстери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу үч кабаттуу коммерциялык жайды, “Уют” жана “Уют плюс” мейманкана комплекстерин мыйзамдаштырып алганы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Президенти доктор Мохаммед бин Сулейман Аль-Жассер Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары – энергетика жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча өнөктөштүктү кеңейтүү болду. Адылбек Касымалиев доктор […]Читать далее
Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын экономика министри Микаил Джаббаров менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Эки өлкөнүн экономикалык өз-ара аракеттенүүсүнүн учурдагы негизги инструменти болгон Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Гидроэнергетика чөйрөсүндөгү жашыл долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалды. Маектештер ошондой […]Читать далее
Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарына Англиянын «Golden Eagle Luxury Trains» туристтик фирмасына таандык туристтик поезд келди. Поезд маршруту: Алматы – Бишкек – Балыкчы – Ташкент – Бухара – Ашхабад – Хива – Китаб – Дүйшөмбү – Самарканд – Маргилан – Кокон багытында жүрөт. Поезд 18 вагондон турат, алардын ар бири жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукка ээ, ошондой […]Читать далее
Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Индиядагы теракттан каза болгондорго
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге Пахалгам шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Пахалгам шаарындагы террордук акттын кесепетинен көптөгөн күнөөсүз адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул кылмыш эч кандай актоого жатпайт жана анын уюштуруучулары менен аткаруучулары тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейбиз. Каза болгондордун […]Читать далее
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда жалпы суммасы 45,11 млн долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражат “Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Эми бул каражат “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды жана аймактык демилгелерди талкуулашты. Ардактуу мейманды куттуктап жатып, президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовдун иш сапарынын кыргыз жана түркмөн элдеринин көп кылымдык […]Читать далее
Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузган айдоочуларга 5,6 млн айып салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүлүүдө. 1-апрелде башталган текшерүү иштеринин 3 аптасында (21-апрелге чейин) 51 […]Читать далее
2024-жылы республиканын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өсүп, 7,2 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 72,5%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул эле мезгилде 1,8 эсеге көбөйүп, 6 млрд. сомго жакынды түздү. Жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан […]Читать далее