Нарындагы жол тейлөө ишканаларына КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан HOWO үлгүсүндөгү 9 даана өзү жүктөөчү автоунаа берилди. Облус жетекчиси А.Эргешов техникалардын акжолтой болушун тилек кылып, жасалып жаткан жолдордун сапатына көнүл бурууну жакшы кароону “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчиси Калысбек Базаровго тапшырды.Читать далее
2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5% түзөт. Электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79%, Нарын облусунун Жумгал районунда – 74%, Талас облусунда – 60% көрсөттү. Эң аз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Женишовичке сөгүш берилди. Эске салсак, Президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү […]Читать далее
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду. “Альфа-Телеком” ЖАКну мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы – 14 миллиард 600 миллион сом. Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт. Табыштамаларды кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт. Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы […]Читать далее
Улуттук агенттиктин директору У. Т. Темиралиев жалпы кубаттуулугу 50 МВт болгон “Күн Булагы” күн электр станциясы курулуп жаткан жер менен таанышты. Долбоор Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылууда. Долбоордун инвестициялык жалпы көлөмү 35 млн.АКШ долл. ашыкты түзөт. Долбоор “Күн Булагы”ЖЧКсы менен Казакстан Республикасындагы ЭКБ чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлордо (“Кенгир” КЭС, “Балхаш” КЭС, […]Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын катышуучулары тарабынан 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды. Лотереянын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 2-июлунан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи турга 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү утуштун экинчи этабына катыша алышпайт. Эскерте кетсек, 25-декабрдан 30-декабрга чейин […]Читать далее
Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнөдөн кайтты. Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында туулган. 1958-жылы С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик […]Читать далее
Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы 2023-жылдын 14-июлунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча түз авиакаттамды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы маалымдады. Каттамдар жумасына 1 жолу – жума күндөрү аткарылат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-Саммитинин ишине катышат, ал видеоконференц-байланыш форматында өтөт. Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул Саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат. Мындан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, туризм, социалдык-гуманитардык жана экологиялык тармактарда кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. МинКаб Төрагасы кыргыз-малайзиялык эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүнүн […]Читать далее