“Манас” үчилтиги англис тилине которулду. Бул тууралуу А.Осмонов атындагы Улуттук китепканадан билдирди. Маалыматка ылайык, Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча “Манас” үчилтигин англис тилине Акылай Байматова которгон, анын бет ачары 9-августта Улуттук китепканада өтөт. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башкалар катышат. “Китептин ачылышында […]Читать далее
Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалымат боюнча, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында эки тилкеден сел суулары түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда облустарды бириктирген жол бир тараптуу […]Читать далее
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен саат 16:30дар чамасында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, каттам эки тараптуу убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.Читать далее
Бүгүн, 5-августта Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун “Кобальт-2022” атайын-тактикалык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрү бандалык жол-жоболорду, террористтик топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттардын контрабандалык каналдарын жабуу жана баңги заттарды сактоо жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна барды. Мамлекет башчысына Кыргызстандын сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камсыз кылган маалыматтык системалар, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындоо, соттордун курамын түзүү жана башкалар жөнүндө айтылды. Мындан тышкары, Президентке аткаруу өндүрүшүнүн бизнес-процесстерин автоматташтыруу, сот иштерин жана […]Читать далее
Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-августта министр Эркинбек Осоев улук инженер Гэнг Джун башында турган Кытайдын темир жол куруу корпорациясы институтунун өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол куруу тармагында иштер […]Читать далее
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды салынуучу челектерди жууп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Алсак, Биринчи май району боюнча 863 челек жана 86 алар турган аянт жуулуп дезинфекцияланган; Ленин районунда 620 таштанды челеги жана 92 аянтча; Свердлов районунда 785 таштанды челек жана 114 алар турган аянтча тазаланып, дезинфекциядан өткөн. Андан соң таштанды челектери жана аянтчалар сырдалган. Мындан тышкары, […]Читать далее
Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 579 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 733, Алматы шаарында – 430, Шымкент шаарында – 29, Акмоло облусунда – 104, Актөбе облусунда – 52, Алматы облусунда – 50, Жетысу облусунда – 100, Атырау облусунда – 46, Чыгыш-Казакстан облусунда –21, […]Читать далее
«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушуусунда. Мамлекет башчысы сот системасын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири судьяларды ротациялоо болгонун белгиледи. «Мындай масштабдуу […]Читать далее
Энергетикалык компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Улуттук энергохолдинг ишканасы жогоруда аталган тармакта ротациялоо иштерин жүргүзүүдө. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энергокомпанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары, 57 РЭТтин жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышат. Жетекчилик кызматка дайындоодо […]Читать далее